Республика боюнча 600 мектеп жетишсиз. Бул тууралуу 12-июнда парламенттик комитеттин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“2017-жылы 18 жаңы мектеп курулду. Учурда өлкөдө 2200 мектеп иштеп жатат. Жалпысынан 600 мектеп жетишсиз. Өлкөдөгү начар абалдагы курулуштарды оңдоо үчүн 13 миллиард сом керек. 2018-жылы 190 авариялык мектептин 16сын бүтүрөбүз. Чатырда окуп жаткандардын маселесин быйыл чечебиз”, - деди премьер-министр.
Ошондой эле вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, 2017-жылы 2 миң 612 бала мектепке барбай калган. Алардын басымдуу бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар түзөт. “Биз мектепке бара албай жаткан балдарды үйүнө барып окутууну пландап жатабыз. Бул тууралуу токтом кабыл алдык”, - деди Өмүрбекова.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылга карата отчётун талкуулоодо.