Бүгүн, 12-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкек шаардык соту депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарды. Тергөөдө такталбаган жагдайларды оӊдоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү.
Райондук сот 2017-жылы Шыкмаматовду "кылмышка шериктеш болуу" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Ал мындан 7 жыл мурун, Эсептөө палатасында аудитор кезинде жеке кызыкчылыгын көздөп, ортомчу фирма аркылуу аялынын унаасын Эсептөө палатасына базар баасынан кымбат баага саткан деп айыпталууда. Депутат өзү бул ишти "саясий куугунтук" атап, өзүнүн 100 пайыз таза экенин айтып жүрөт.
Шыкмаматовдун иши акыркы 2 жылдагы талкуу жараткан иштердин бири. Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы Коопсуздук кеӊешиндеги сөздөрүнөн кийин коомдун бир бөлүгү мурдагы бийликтин тушунда камалгандарга же кылмыш иши ачылгандарга сот чечими өзгөрөт деп күтүүдө. Бүгүнкү Шыкмаматовго чыккан чечим ал үмүткө май тамызды десе болот. Бирок жалаӊ акчалай доого жыгылгандардын иши артка кайтарылып, ал эми эркинен ажыратылгандар боюнча өкүмдөр өзгөрүүсүз калып жатканы көӊүлдү бурат. Мисалы, жакында экс-депутат Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан чечимди Жогорку Сот күчүндө калтырды. Шаардык сот мурдагы депутат Карганбек Самаковду 10 жылга соттогон райсоттун өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды. Ал эми буга чейин Жогорку Сот журналист Нарын Айыпка салынган айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгуу чечимин кабыл алып, ишти артка кайтарган. Айып пул өндүрүү үчүн юрист Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттеджин сатыкка коюу боюнча ишти да Жогорку Сот артка кайтарганы белгилүү. Парламент депутаты Айнуру Алтыбаева коррупцияны жоюу бир күндүк иш эместигин айтып, 2016-жылы референдум жолу менен соттордун жоопкерчилигин карай турган Тартип комиссиясы түзүлгөнү - соттук реформа жүрүп жатканынын далили дейт. Аталган комиссияны убагында бийликтин тапшырмасын аткарууда деп сындалып жүргөн судья Кымбат Архарова жетектөөдө. Юрист Нурбек Токтакунов соттор бийликтин көзүн карап көнүп алган, азыр коррупцияга каршы күрөш ураанын жамынган саясий күрөштүн белгилери көрүнүп жатат дейт. Бийлик Атамбаевдин тушундагы судьяны кетирип, ордуна Жээнбековдун судьясын дайындоону соттук реформа деп атабашы керек деген пикирлер көп айтыла баштады. Коомчулук сотторго мурдагы бийликтин оппоненттерине чыгарган чечимдери боюнча баа берүүдө. Алдыда "саясий негизде камалды" делип жүргөн саясатчылар Канатбек Исаевдин, Садыр Жапаровдун соттук иштери турат. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишинде жаӊы ачылган жагдайлар бар экенин айтып, ишти сотто кайрадан кароо боюнча адвокаттар Башкы прокуратурага арыз киргизишкен. Жөжөнү дал ушул иштердин акыркы жыйынтыгынан кийин саноо керек болот...
Таш-Көмүр шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө мас прапорщик 24 жоокерди сабады. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулаймановдун айтымында, прапорщик таӊкы саат беште жоокерлерди уйкудан тургузуп алып кыйнап, сабаган. Жалпы 9 жоокер жаракат алган. Прапорщикке "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан" деп кылмыш иши ачылып, камакка алынды. Ооруканада жоокерлер жарылган ээктерин тиктиришкен. Министрликтен бүгүн жогорудагы окуяны министр жеке көзөмөлүнө алганын, жакынкы күндөрдө чечкиндүү чаралар көрүлөрүн билдиришти. Бүгүн парламент депутаттары чукул кырдаалдардын алдын албай жатат деп өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахметовду сынга алышты. Ушул тапта өлкө аймактарында сел жүрүп, суу каптоолор жергиликтүү элдин өмүрүнө коркунуч жаратууда. Жашоочулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгүнө муктаж, ал эми ӨКМнын формачан кызматкерлери элге жардам берүүдөн мурун жоокерлерге "дедовщина" көрсөтүү менен убара...