Жыл башынан бери ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмү 699 миллион 600 миң долларды түздү

Акыркы 5 айда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмү 699 миллион 600 миң долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башкы адиси Наргиза Кунева маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайызга өсүш болгону байкалган.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө импорттун көлөмү 2,6 пайызга жогорулаган, ал эми экспорт 4,6 пайызга төмөндөгөн.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өлкөнүн өз ара соода жүргүзүүсүнүн эң чоң үлүшү Орусияга (64,8) андан кийин Казакстанга (33,5) туура келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан