Чүй облусунун Молдовановка айылындагы абакта ачкачылык жарыялагандар тамактана баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
"Абакта жаткандар кечээ, 11-июнда болжол менен саат 21:15 чамасында ачкачылыктан баш тартып, тамак иче башташты. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, алар биздин талаптарыбыз туура эмес экен деп арыздарды жазышты. Учурда баарынын ден соолугу жакшы", - дейт Сабатарова.
Айта кетсек, 8-июнда Молдовановка айылындагы абакта экстремизм жана террорчулук боюнча күнөөлөнүп камалган жарандар камераларды ачык коюу, телефон алып жүрүүгө уруксат берүү, абактын айрым кызматкерлерин иштен бошотууну жана абактагы тартипти жеңилдетүү талабы менен массалык түрдө ачкачылык жарыялашкан. Ачкачылык жарыялагандардын ону оозун тигип алса, дагы ону колдорун кескилеп салышкан.