Бишкекте бөбөктөрдүн жөрмөлөө боюнча II чемпиондугу өтөт

Бишкекте бөбөктөрдүн жөрмөлөө боюнча II чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 16-июнда соода борборлордун биринде бөбөктөрдүн жөрмөлөө боюнча II чемпиондугу өтөт.

"Бөбөктөрдүн жөрмөлөө боюнча чемпиондугу 7-9 айлык балдардын арасында өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги максаты - үй-бүлөнүн биримдигин бекемдеп, жакшы маанай тартуулоо болуп эсептелет. Марафондун эрежелери жөнөкөй эле: бөбөктөр 10 метр аралыкты 3 мүнөттүн ичинде жөрмөлөп өтүшү зарыл. Ата-энелер балдарын колдоп, ар кандай ыкма менен алдыга сүрөп турса болот", - дейт уюштуруучулар.

Эң биринчи келген бөбөктөр баалуу белектер менен сыйланат. Жеңүүчүлөр балдар жана кыздар арасында тандалат. Марафонго катышуу үчүн 0703 44 53 62 WhatsApp номерине баланын ата-жөнүн, туулган айын жана жынысын жазып жиберүү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан