Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин эки эл ынтымакка келип, ооз ачар уюштурушту

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган жаңжалдан кийин Максат айылында эки элди ынтымакка чакырган ооз ачар уюштурулду. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында кечээ, 12-июнда Кыргыз-Тажик ынтымагын бекемдөө максатында ооз ачар уюштурулган. Мындай демилгени эки эл көтөрүп чыккан. Ооз ачарга Кулунду айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл аксакалдары жана коңшу Тажикстандан 5-6 аксакал келген.

Буга чейин Кыргыз чек ара кызматы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жаңжал Тажик чек арачыларынын жүрүм-турум эрежелерин сактабагандыгынан келип чыкканын билдирген. Анда Тажик чек арачылары Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасынын аймагында соода кылып отурган Кыргыз жарандарын кууп башташканы, мындан улам 2 тарап ортосунда чыр чыкканы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nemo2016
2018-06-13 12:41:19
Откондогу сабак болсун экинчи бироонун элине кол салбасын
+4
erjmax21
2018-06-13 12:52:55
Жаман акконул айколбузда откондогу чек ара кызматкерлерибизге рахмат баа бердим азаматсынар. ушундай патриоттор болсо Кыргыз элим алдыга жылат. экономиканы онуктурбосок бизди басып алышат темир жол курулбайэле койсо стратегиялык жактан караганда.
+3
sainazarov0555
2018-06-13 12:53:15
Айтканын келсин !
0
aiba.8327
2018-06-13 12:54:35
Калгандарын дагы чакырып акырын атып салыш керек эледа буларды .....
+2
Flowhive
2018-06-13 13:08:06
Кечирим сурагандай болуп калыпбыз да
+3
surgeon777
2018-06-13 23:54:14
Аа байкуш кыргызым...сендей айкол,ак журок,боорукер,берешен эл бар бекен бу дуйнодо,кыргыздын жакшылыгын билээр бекен башка улуттар..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан