Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Нурланбек Кадыкеев (мурдагы фамилиясы Макеев) каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Анын айтымында, Кадыкеевге жакында Түркияда операция жасалган.
Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 1970-жылдын 21-январында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.
Жогорку билимдүү. 1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1988-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы “Кочкорка” ишканасында автослесарь болуп иштөө менен баштаган.
1997-2000-жылдары - Бажы иштери боюнча "Туркуаз" ишканасынын башкы директорунун орун басары;
2000-2001-жылдары - "Дамла-Транс-ЛТД" ишканасында башкы директор;
2001-2002-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүндө кызматкер;
2002-2003-жылдары - Чүй жана Талас облустары боюнча Региондор аралык финансы полициясы башкармалыгынын бажылык укук бузуулар, кыянаттык кылуу жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн улук кызматкер;
2003-2004-жылдары - Чүй жана Талас облустары боюнча Региондор аралык башкармалыгында 3-бөлүмдүн башчысы;
2004-жылдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетинин Бишкек бажы ЖТКсынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Ошол жылдын сентябрынан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетинин Кара-Балта бажы ЖТКнын башчысынын орун басары болуп дайындалган.
2005-2010-жылдары “Манас” бажыканасынын башчысы.
2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
Артында эки баласы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурланбек Кадыкеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.