Өлкөдө 2017-жылы автоунааны катуу ылдамдыкта айдап, жол кырсыгынан 337 адам көз жумган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында өкмөттүк саат учурунда айтылды.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, өлкөдө автоунаалардын саны нормадан ашып кеткен.
"Акыркы 10 жылда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 2 эсеге көбөйгөн. 2017-жылы 907 адам каза болгон. Катуу ылдамдыкта айдоодон улам 337 адам көз жумса, каршы тилкеге чыгуудан улам 124 адам жашоо менен коштошкон.
Ошондой эле спирт ичимдиктерин колдонгон абалда да жол кырсыгына көп жаран кабылып, андан 58 адам каза болгон. Республикадагы жол кырсыктарынын 57,1 пайызы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жолдорунда катталган. Өлкөдө 616 жол чырак объектиси бар. 2017-жылы жол эрежесин бузуудан салынган айып пул 386 миллион сомго жетти", - деди Боронов.
Учурда Жогорку Кеңеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүн көрүп жаткан чаралары тааныштырылууда.