Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясы депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына сунуштады.
Аталган маалыматты SUPER.KG порталына фракция лидери Жыргалбек Турускулов тастыктады.
Анын айтымында, аталган сунуш премьер-министрге өткөн жумада жиберилген. "Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин көрсөттүк. Акыркы учурларда аталган комитеттин төрагасы Уланбек Рыскуловго көптөгөн сындар айтылып жаткан", - деди Турускулов.
Акылбек Жамангулов жакында эле Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө жана модернизациялоого кеткен каражаттын иштетилишинин максаттуулугун аныктоо максатында түзүлгөн депутаттык комиссияга мүчө болгон. Аталган маселеде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, ЖЭБ боюнча бир нече жагдайларды ачыктаганга көмөктөшкөн.
Акылбек Жамангулов 1988-жылдын 24-октябрында Чүй облусунда туулган.
2011-жылы "Каржы жана насыя" адистиги боюнча Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөн.
2014-жылы Дипломатиялык академияда "Эл аралык мамилелер" боюнча адистикке ээ болгон.
2014-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 2003-жылы Балыкчы шаарындагы “Көк-Ойрок” Балыкчы ликер-арак заводунда” адис болуп иштөөдөн баштаган.
2005-2015-жылга чейин жеке компанияларда катардагы адистен башкы директорлук кызматка чейин иштеп келген.
2015-жылы “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү. Бир баланын атасы.