Интернетте кызуу талкууга алынган "Дордой" стадионунда өспүрүм баланын сабалышы боюнча Бишкек ШИИББи жооп берди.
"Бул окуя 2016-жылы тартылган. Анда спорттук клубдун балдары өз ара чырдаша кетишкен. Кийин бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, балдардын кылган туура эмес жүрүм-туруму үчүн машыктыруучусу жооп берген", - деди Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүнө "Дордой" стадионунда өспүрүм сабалды" деген аталыштагы видео жүктөлгөн. Видеодо бир өспүрүм экинчисин коркутуп ал кайсы бир оюн учурунда ага туура эмес мамиле кылганын айтканын жана экинчиси кечирим сурап окуяны түшүндүрүп бергиче бетке чаап, андан соң тээп жибергенин көрүүгө болот.