"Мас абалында жол эрежесин бузгандарга айып пулду жогорулатуу керек". Мындай сунушту Жогорку Кеңештин 13-июнундагы жыйынында депутат Данияр Аттокуров айтты.
Эл өкүлү мас абалында жол эрежесин бузгандарга канча айып пул салынарын сурады. Тийиштүү аткаминер "айдоочу мас абалында кырсыкка кабылса, 20 миң сом айып пул салынат" деди.
"Башка мамлекеттерде мас абалында унаа айдап, жол эрежесин бузгандарга айып пул өтө жогору экен. Айрым өлкөлөрдө 3 миң доллар салат. Биз да жок дегенде 100 миң сомдон баштасак. Ушуну ойлонуп мыйзам долбоор даярдап алып келсеңиздер. Биз колдоп берели", - деди Аттакуров.
Учурда парламентте өкмөттүк саат болуп жатат. Анда жол кыймылынын коопсуздугу жана "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланууда.