Буга чейин чет өлкөгө качып кетти делген ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Кыргыз жеринде. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 13-июнь күнү эртең менен жумушка келип кетти. Анын эмгек өргүүсү аяктай элек, ошол себептен жумушка азырынча чыкпайт. Эмне үчүн уруксат кагазы жок чет өлкөгө чыгып кеткендиги боюнча учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат, жыйынтыгын кабарлайбыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров өлкөдөн качып кеткендиги тууралуу маалыматтар тараган. ИИМдин маалымат кызматы 8-июнда Абдыкаров менен байланышып, анын Түркияда үй-бүлөсү менен эс алып жүргөнүн билдиришкен.