ЭЛДИК ВИДЕО: Шымдан чыккан "Мен кулчулуктамын" деген жазуу интернетте кызуу талкуу жаратууда

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Кулчулукта жүрөм" аталышындагы видео жүктөлдү.

Аталган видеодо белгисиз аял кызына алган шымдын чоймосунда "Жардам бергиле, мен кулчулуктамын, Лебединовка району" деген жазууну таап алганын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар видеодо аталган аймак Чүй облусуна карашатуу Аламүдүн районунун Лебединовка айылы болушу мүмкүн экендигин белгилешкен.

Ошондой эле аял шымды Казакстандын Тараз шаарынан алганын билдирген.

"Кыргыз жергесинде кулчулукта жүрөм" деген жазуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
dastan.bujun
2018-06-13 13:18:34
Демек бул аял Тараз шаары жакта кулчулукта,озу Чуй облусунан лебединовкадан болот.
Бул аял казакстандан шым алган аялдын кыргыз экенин билип ушуну жазган.
Эми шым саткан эжени шым алган эже аркылуу кармаш керек.
Силерде кандай версиялар бар?
-3
meni_kut
2018-06-13 13:22:24
Кыргыз жеринде деген жазуу жок го админ?Орусча аталыштагы райондор коп Казахстанда, Укук коргоо органдары иликтоо жургузуп,кат ээси табылып калса экен ылайым.
+2
barakcha
2018-06-13 13:29:07
Казахстанда швеяда иштеген болушу мумкун.Резинкага жазып койду болуш керек тигип атканда...Табылып калса экен.
+4
Ferdews
2018-06-13 14:14:33
Балким ошол чуйдун ледникова районунда окшойт,ал эми шым,ошол жерден чыгып казакстанга алып кирилсе керек,урматтуу укук коргоочулар,силерден сураныч,ушуну тактап бергилечиии
+8
aiturgasha
2018-06-13 13:48:52
Биз цехте рубашка тикчуубуз. Ошондо кыздар болуп , жакасына атыбызды же журок тартып, же жазып койчубуз. Ал жазуубуз корунбойт эле. Мумкун чынында эле кулчулукта жургон биро умут менен жазгандыр. Негизи Казакстанда кулчулукта жургондор копго
+2
Ma9
2018-06-13 13:52:52
Элчилик тактап табылып калса жакшы болот эле
+1
moskoy
2018-06-13 14:16:06
Аламединдин Лебединовка айлында подпольный цехте иштетет болуш керек.Таразга Дордойдон оптом алган товар болуш керек.
+3
Merch
2018-06-13 14:36:18
Бул шым каерден тигилгенин такташ керек экен, укук коргоочулар!!!
+2
Rasul94
2018-06-13 15:08:38
Кана биздин овчаркалар таба алар бекен кутолучу
+3
Aiman0303
2018-06-13 15:47:47
Издесе оной эле табылатко, алган адам саткан адамга барып, улам алган сатканды сураштырса озу эле чыгатда
+4
Boha1
2018-06-13 20:39:59
Админ кийин ушул маалымат тууралуу кабар берип турунуздар! Табылганын табылбай жатабы билип турсак
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан