"Эскорт автоунааларда жүргөндөр жол эрежесин сактабай жатышат". Мындай пикирин 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев айтты.
“Эскорт автоунаалардагылар канча ылдамдыкта жүрүш керек? Трассада саатына 120 чакырым ылдамдыкта кетип жатканын көрүп эле жатам. Мен трассада саатына 70 чакырым ылдамдыкта бара жатсам да токтотушат. Эскорттогулар болсо токтобойт деле. Эскорт менен президент, премьер-министр, спикер да жүрөт. Алардын коопсуздугу да маанилүү. Ылдамдыгын көзөмөлгө алышыбыз керек”, - деди Абдылдаев.
Андан кийин сөзгө чыккан депутат Бакирдин Субанбеков "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу кечеңдеп кеткенине нааразычылыгын айтты. “6 жылдан бери коопсуз шаар эмес, коопсуз мамлекет куруп койсо болот эле. Адамдын өмүрү чымындын өмүрүнө айланып баратат. Жолдордун абалы өтө начар. Долбоорду бүтүрөлү да”, - деди эл өкүлү.
Парламентте жол кыймылы коопсуздугунун абалы жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өкмөттүк саат өттү.