Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1 жарлык 551 адамды (анын ичинен 422си - чоң адамдар жана 129у - балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө. Ал эми 3 жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 342 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 341и - чоң адамдар жана 45и - балдар), алардын көпчүлүгү Өзбекстандын жана Тажикстандын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.