Марипов: "256 миллион сом уурдалган министрликтин бир да кызматкерине кылмыш иши козголгон эмес"

Төрөбай ЗулпукаровТранспорт жана жолдор министрлигинде уурдалып кеткен 152 миллион сом артка кайтарылды. Бул тууралуу 13-июнда парламент жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов айтты.

Депутат Төрөбай Зулпукаров сырттан келген гранттардан консультациялык кызматка деп көп каражат коротулуп жатканын билдирди. “Эң көп каражатты уурдоо, туура эмес иштетүү Транспорт жана жолдор министрлигинде болуптур. Аталган мекемеде 256 миллион сом максатына жетпептир. Ошол каражаттар артка кайтарылдыбы? Кандай жаза көрүлдү? Кылмыш иши козголгон беле? Консультациялык кызмат деп эле гранттын көп бөлүгүн кайра алып коюп жатышат. Биз канча гранттарды колдоп берүүдөбүз”, - деди Зулпукаров.

Марипов: “Транспорт жана жолдор министрлигинде жок болгон 256 миллион сомдун 152 миллион сому ордуна коюлду. Кылмыш иштери козголгон жок. Балыкчы-Корумду жолу боюнча иш укук коргоо органдарына жиберилген. Алар укуктук баа берет”, - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uli1234
2018-06-13 14:55:35
Ана атантайдын коррупциялары
0
toktor89
2018-06-13 15:13:21
Бир уй булоодо атасынан баласына чейин коррупционер.
ХХХХХХ
Соке да жакшы иштебейт окшойт. Уже башаламан башталды
0
TalaCSKA
2018-06-13 16:10:42
Урдалган акчага кантип укуктук баа берилет?же мыйдамдуу да урдаса болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан