Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2017-жылга карата отчётун жактырды

Улукбек МариповБүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эсептөө палатасы бюджетти туура эмес короткондорду аныктаганы менен бир да адам жоопко тартылган эмес деген сын айтышкан.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Эсептөө палатасына 9 аудитор көп экенин айтты. "Мына өзүңүз Транспорт жана жолдор министрлигинде 256 миллион сом акча жок болгон деп жатасыз. Бирок бир да адам жазаланбаптыр. Коррупция менен күрөшкөнгө аракет кылып жатасыз. Бирок бир да кылмыш иши козголгон эмес. Эсептөө палатасына 9 аудитор ашыкча, 5 аудитор жетишет. Кыскартыш керек. Президент тийиштүүлөр менен кеңешип, саясий чечимге барышы шарт", - деди Бекешев.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2017-жылы аткарган иши тууралуу мекеменин төрагасы Улукбек Мариповдун отчётун "канааттандырарлык" деп тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Atas
2018-06-13 15:34:39
Корупциялашкан мекеме да так ушул
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан