ТВЕА компаниясы курган "Датка-Кемин" подстанциясын Эсептөө палатасы менен Башкы прокуратура текшерүүдө

"Эсептөө палатасы "Датка-Кемин" подстанциясы боюнча текшерүү жүргүздүбү?" - деп бүгүн, 13-июндагы парламент жыйынында депутат КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев сурады.

Эл өкүлү аталган курулуш боюнча текшерүү жүргөн болсо кандай жыйынтык чыкканына кызыкты.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун айтымында, учурда аталган объектте Башкы прокуратура тарабынан да текшерүү жүрүп жатат. "Биз менен бирге Башкы прокуратура да текшерүү жүргүзүүдө. Жыйынтык чыкканда маалымат берилет", - деди Марипов.

Эске салсак, "Датка-Кемин" подстанциясынын курулушу боюнча долбоор 389 миллион долларга бааланып, 2012-жылы келишим түзүлгөн. Курулушту кытайлык ТВЕА компаниясы жүргүзгөн. Аталган компания буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоону да ишке ашырган. Депутаттар ЖЭБдеги авариядан кийин каражаттын кандай пайдаланылгандыгы боюнча "Датка-Кемин" подстанциясын да текшерүү керектигин сунушташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан