Орозо айт майрамына карата милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Орозо айт майрамына карата милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коопсуздукту камсыздоо үчүн 1 миң 500 милиция кызматкери тартылат. 15-июнь күнү эртең менен Бишкек шаарынын эски аянтынын айланасындагы унаа кыймылы убактылуу чектөөгө алынат.

Чектөөгө алына турган көчөлөрдүн тизмеси:

- Чүй кең көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Абдумомунов көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Тыныстанов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Эркиндик бульвары Фрунзе көчөсүнөн Абдумомунов көчөсүнө чейин;
- Логвиненко көчөсү Чүй кең көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан