Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрайымы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрайымы болуп "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова шайланды. Аталган чечим 13-июнда парламент жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин аталган комитетти КСДП фракциясынан депутат Марат Аманкулов жетектеп келген.

Махабат Мавлянованын өмүр баяны:

Ал 1975-жылдын 6-мартында Ош облусундагы Ноокат районунда туулган.

Жогорку билимдүү.

1997-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде "инженер-технолог" адистигине ээ болгон.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

2000-2009-жылдары "МБ-Компани", "МАБ-Ула", "Аида Компани", "Мэри-Клуб", "Капитал-Груп" компанияларында негиздөөчү катары иштеген.

2010-жылдан тартып "МЖА-Групп", "Мега МБЛ" жоопкерчилиги чектелген коомдордун жана "Жети Казына" коомдук фондунун уюмдаштыруучусу жана негиздөөчүсү.

2015-жылы "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан