Жогорку Кеңеште бардык айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүү сунушталды

13-июнда Жогорку Кеӊеште "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүк саат өттү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, акыркы 10 жылда 10 миӊден ашык адам каза болду.

КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева көпчүлүк айдоочулар жол эрежесин билбей турганын айтты. "Айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүү мүмкүнчүлүгү барбы?" - деп депутат ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден сурады.

Кашкар Жунушалиевдин айтымында, айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар, учурда укуктук-ченемдик базага тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү даярдалып жатат. "Колунда айдоочулук күбөлүгү барларды экзаменден өткөрүү боюнча укуктук-чечемдик базага өзгөртүү киргизүү сунушталууда", - деди Жунушалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Shef87
2018-06-13 18:54:04
Акмакчылык бул башка иш жокпу акча алуунун амалы
+9
fantomas
2018-06-13 18:58:32
Эн туура нерсе... Эгер ошол нерсе коррупциясы жок, таза отчу болсо мен колдойм.

Болбосо адам омурун чиркейчелик корбой адырандап унаа айдагандар кобойду, жол эрежесинин балээсин да билишпеген, акчага вод.права сатып алгандар....
+3
aerforce
2018-06-13 19:02:52
бул туура десең кайра эле ошол көр акча бермей чөнтөккө салмай көрөсүңөрго права сатылбасын деп каттуу текшерип жаткан учурда далайыт сатып алдыго
+16
Alixan-Nookat.2015
2018-06-13 19:08:22
Дагы бир жолу чөнтөктөрүн кампайтып алгысы келип жатат чоңдордун
+11
shankol88
2018-06-13 19:14:53
Ошол сунуштаган адам өзү өтөрбекен экзаменден
Карупсияга жол ачып жатышат андан көрө жөн еле акча берсин правасы барлар деш керек....
+12
DNurgiza
2018-06-13 19:36:47
shankol88, ошо да
+2
Mirkgz-1990
2018-06-13 19:15:05
Праваны сатканды токтотсонор жылыш болот ...
+17
Kyialbek.89
2018-06-13 19:19:25
Егзамен деп дагы пракорчулуктун бирден бир булагын ачышат екен да
+6
jbolotov
2018-06-13 19:20:05
Депутаттар элдер силердей бекерчи эмес калп эле журобергендей. Жол эрежелерин бузгандар булар баары эле чиновниктер, прокуратура ж.б куч органдарынын адамдары, биринчи ушуларды тизгиндегиледа анда, кырсыкты ким кылса эле органдардын адамдары болуп чыгып ататко.
+5
BarsBaatyr
2018-06-13 20:23:20
Эгер экзамен таза өтсө мен колдомокмун.Бирок акча чечет деп 100% кепилдик берем.Акча алмайдын кезектеги жолу.
+9
Arlenchik
2018-06-13 20:53:38
Болбогон нерсе, чонтокту кампайтуунун бир жолу, андан коро одоно жол эрежесин бузуп адам омуруно коркунуч келтирген, арак ичип алып айдаган айдоочуларга олчойто айып пул салып, айдоочулук укуктан ажыратып салгыла, ала эле эмес сот жообуна да тартып ийиш керек, ошондо анан тартипке алып, эреже бузгандарды азайтасынар.
+7
Azat.97
2018-06-13 21:34:05
Баягы эле коррупция.
+6
lenin1870
2018-06-13 21:44:46
Соз жок жиндинин ишин кылбай эле койгулачы алдап акча алмай транспорт кайра каттодо кандай коррупция бар ачык эле коррупция
+5
Mongol1155
2018-06-14 09:08:13
10 суроого жооп беру менен жол эрежесин бузгандар азаят деген ой туура эмес. Видеокамераларды орноткула. Айып-пулду кобойткуло. МАИлерди тартипке чакыргыла.Миллиондогон айдоочуларды кайрадан экзаменден откоруу, канча деген чыгымды алып келет. Бул абдан туура эмес! Анан дагы айдоочулардын укугу бузулгандай.
+2
Jelezo
2018-06-14 12:26:15
Акыркы 15 жылда айдоочунун күбөлүгүн Америкадан туруп сатып ала башташкан өмүрү айдоочулука окубай туруп автобус чоң жүк ташыган машиналарды айдап жүрүшөт бул ачуу чындык баары эле билет.
0
alikgz
2018-06-14 17:07:37
Эски айдоочуларга тийбей праваны сатканды токтотуп алгылачы,
Же чрнтогунор жука болуп жактабы,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан