Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытай тараптын сунушу менен 15-июндан 18-июнга чейин "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл өткөрүү-бекеттерине убактылуу чектөө киргизилет. Каттам кайра 19-июндан тарта жанданат, мындай чечимди Кытай тарап Орозо айт жана Дуань-у цзе - беш эсе көп (поэт күнү) майрамдарына байланыштуу экенин айткан.