"Марвел" дүйнөсүнүн каармандарынын элесин денесине татуировка кылып түшүргөн жигит "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, канадалык Рик Скаламеро "Марвел" дүйнөсүнүн каармандарынын элесин денесине татуировка кылып түшүрүп "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ал өзүнүн алгачкы татуировкасын 2011-жылы тарттырган.
"Гиннесстин рекорддор китебине" кириш үчүн ага 7 жыл керектелген. Көпчүлүк Рик Скаламерону "тирүү" комикс деп аташат. Риктин денесинде "Марвел" дүйнөсүнүн гана эмес, белгилүү актёр Брюс Линин жана рэп аткаруучусу Тупак Шакурдун элесин да көрүүгө болот.