Шашылыш билдирүү! Өлкөдө нөшөрлөгөн жамгырдан сел жүрүү коркунучу күтүлөт

Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-15-июнь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

"Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 13-июндан 15-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошол себептен жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Parish
2018-06-14 10:03:04
Эми ушул эле жетпей турат эле.
0
maks94.kb
2018-06-14 11:43:24
Parish, антип айтпаныз баары Аллах каалагандай болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан