Бишкекте ысык суу убагынан эрте берилиши күтүлүүдө

Бишкек шаарында үйлөргө ысык суу берүү 21-июнга чейин токтотулган. Эми ал убагынан эрте берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагынан" кабарлады.

Маалым болгондой, борбор калаадагы үйлөргө ысык суу берүү 21-майдан 21-июнга чейин токтотулган. Белгиленген убакыт ичинде жыл сайын аткарылып келген пландын алкагында кышка даярдык көрүү үчүн түтүктөр оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Ал эми 12-июндан тартып түтүктөрдү суу менен толтуруу иштери башталган. 15-17-июнь күндөрү түтүктөрдү текшерүү иши орун алат. Эгер түтүктөрдө эч кандай кемчиликтер катталбаса, энергетиктер ысык сууну убагынан эрте берерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан