Япониялык "Panasonic" компаниясы улгайган адамдарга басууга жардам бере турган робо-шымды коомчулукка сунушташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, коомчулукка тартууланган шым адамдын бутуна жана белине бекитилет. Аталган шымдын салмагы 3 килограмм 500 граммды түзөт. Адамдын кадам шилтөөсүнө кыймылдаткыч иштеткен ийилчек кур жана сенсорлор жардам берет.
Бул шымдын иштелип чыгышына Токио университетинин дарыгери Масахико Сумитани катышкан. Ал эми долбоорду Япония медициналык изилдөөлөр жана ойлоп табуулар агенттиги каржылаган. Ойлоп табуучулардын айтымында, аталган шым кары адамдарга гана эмес, кайсы бир себептерден улам убактылуу басуу жөндөмдүлүгүн жоготкон адамдарга кайра калыпка келүүгө жардам берет.