Кыргыз кызы Стамбул аэропортунун аймагынан дайынсыз болууда

Стамбулдун аэропортунун аймагынан Кыргыз кызы Нургиза Кулмамбетова дайынсыз болууда. Бул боюнча ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Торонто-Стамбул-Бишкек рейси менен учуп келе жатып Стамбулдун аэропортунун аймагынан жоголду деген маалымат бар. Ошондуктан биз төмөнкү маалыматтарды кабарлайбыз деди маалымат катчы.

"Кечээ, Нургиза Кулмамбетова аттуу жараныбыздын жакындары Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине аталган жаран байланышка чыкпай жаткандыгы жана аны табууга жардам берүүнү суранып арыз менен кайрылышкан. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Башкы консулдугубузга тапшырма берди. Башкы консулдук аталган жаранды табууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп түрк тарапка расмий кайрылгандыгын кабарлайм. Азыркы учурда Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан тиешелүү издөө иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
00AbibhanovMunarbek0045
2018-06-14 15:55:06
Жакшы болуптур ХХХХХХХХХХХ
-5
admin_superstan
2018-06-14 16:08:34
00AbibhanovMunarbek0045, такталбаган маалымат жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу саланат! Эскертүү!
+2
00AbibhanovMunarbek0045
2018-06-14 15:57:06
Башка эмне кылмак эленер жакшы иш кылбай калдынарго
-6
bond02
2018-06-14 16:11:41
Дагы кайсы ХХХХХХХХ кетти экен?
-3
admin_superstan
2018-06-14 16:19:46
00AbibhanovMunarbek0045, такталбаган маалымат жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
+1
Ask094
2018-06-14 18:38:41
Турцияга ХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-06-15 13:26:51
Ask094,
Такталбаган маалымат жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүү берилген, 5 күн БАНга!
0
Omush94
2018-06-14 21:20:06
Кудай буйруса табылып калат дуа кылып туралы, ал жаманбы? Жакшыбы биздин бир тууганыбыз. Ал жаман болсо акыретте азабын өзү тартат, а Эгер жакшы болсо бул жерде жаман сөз жазып дөөдүрөгөндөр силер азабын тартасыңар. Мусулман мусулманды жаман деп айтууга укугу жок.
+3
States
2018-06-14 21:36:16
Ал кыз Канада мамлекетинен Кыргызстанга учуп келатып Стамбулдун аэропортунан жоголгон . Канададан Кыргызстанга туз учуп келе албайсын созсуз Стамбулга Москвага Алма- Атага же Дубайга коносун . Бул кыз транзитный учуп келаткан учун Стамбулга конгон. Ушул жерде коментарий жазгандар бет деген барбы силерде ? бироонун кызын жамандап . Мумкун больницага тушуп калды бир кырсык болуп же ооруп . Канадага билимдуу англис тилин билген адам болом дегендер кетет . Уялбайсынарбы коментарий жазгандан
+8
Hernandez
2018-06-15 14:14:46
Туркиядан Сирияга кетип калса керек да бироо жарым кобуро́ок акча сунуштаса
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан