12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берген жок. "Анда Сапар Исаков жумуштан мыйзамсыз кеттиби?" деген SUPER.KG порталынын соболуна "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев жооп берди.
Масалиев Сапар Исаков ишеним көрсөтпөө менен кеткендигин айтты."Исаков мыйзам чегинде кызматтан кеткен. Аталган комитет өкмөттүн отчётуна эч кандай баа берген жок. Премьер-министрдин отчётун карап жатканда оппозициялык фракция топтолуп ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Андан соң оппозициялык фракциянын чечимин Жогорку Кеңеш колдогон", - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Алмамбет Шыкмаматов, Жыргалбек Турускулов жана экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.