СУПЕРСТАН: "Жигитимдин досторунун арасында орду жок, теңтуштары аны басынтып турушат. Ага турмушка чыксам өкүнүп калбаймбы?"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жоош эркекке турмушка чыксам кыйналып калбаймбы?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Cаламатсыздарбы? Мүмкүн болсо оюңуздар менен бөлүшүп, кеңеш берип өтөрсүздөр. Мен бир жигит менен таанышып, сүйлүшүп жүргөнүмө 5 ай болду. Жашым 27де, турмушка чыга элекмин. Жогорку билимим бар. Ал (Айдин) мурун бир жолу үйлөнүп, ажырашкан. Ала качып алган келинчеги 2 ай жашагандан кийин жигитим бар деп кетип калыптыр. Баланын билими жок, иштеген иши да жок, ар кайсы жакта жумуш чыгып калса барып, куруучу болуп иштеп калат. Мага жакканы ал мени сыйлап, көзүмдүн карасы менен тең айланып турат. Адам катары дагы жакшы бала, жан дүйнөсү таза, адептүү, тартиптүү. Башында таанышканда баары жагып, билими жок болсо да, иштеген иши жок болсо да макул, эң негизгиси мага жасаган мамилеси жакшы, калганы анчалык деле маанилүү эмес деп ойлоп, өзүмдү жоошутуп койчумун. Анан ал мени достору менен тааныштырды. Ошол жактан менин ага болгон мамилем кичине өзгөргөнсүдү. Анткени анын досторунун арасында орду жок экен, балдарынын арасында жоош, тыңыраак сүйлөй албайт. Балдары аны басынта берет. Ал кечеде аны шылдыңдап жаткан досу менен уруша кеткем. Үйгө аябай ыза болуп келдим, ыйладым, көпкө жаман болуп жүрдүм. Эркек кишинин досторунун арасында орду, баркы, баасы жоктугу жаман деп эсептейм. Андай эркектин аялы дайыма шылдыңга кабылып, өзү эле эмес, аялы да басынып калат деп ойлойм.
Эми туугандарынын арасында орду кандай экенин билейин дедим. Көрсө, Айдиндин туугандарынын арасында да орду жок экен. Ал үйдүн улуу баласы болгонуна карабастан эмнеге мындай жоош болуп калганына таң калам. Бир чети жооштугу үчүн эле анын жакшы адамдык сапатына, таза жүрөгүнө, ыйманына көз жумуп койгум келбейт, бирок жаңылып каламбы, кийин өкүнүп калбаймынбы деп коркуп жатам... Жактырам, бирок сүйүү сезими жок. Акыркы күндөрү такыр эле кыжырым келип баштады", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Турмуш куруу абалды жеңилдетпейт, күчөтөт. Ал өзгөрөт, сиз өзгөрөсүз. Мамилеси сизге ушул бойдон калабы же өзгөрөбү, белгисиз. Боюңузда болгондо финансы жактан анын көзүн карап үйдө отуруп каласыз, бул жагы бар. Дагы момундарды сөз менен, сый мамиле менен өзүнө ишендирүүгө көмөктөшсө болот. Бирок алар ал нерсенин башкаларга кандай таасир этерин эксперименттегиси келип, сиз берген ишеним менен бөлөк айымдарга кызыгып көрөт, батына албаганын бир жасап көрөт. Башкача айтканда, тараза бир кыйшайып, кайра жайына келгенче, сизге сабыр керек болот. Айтор, эр кылып кете алам, күчүм жетет десеңиз, "ооба", жок, күчүм жетүүсүнө күмөнүм бар десеңиз, анда аны "жок" деген жооп күтүп турат".
- "Оо, жооштон жоон кеп чыгат. Жоош деп сиз аны тоготпой жатыпсыз да. Сизди жер тептиртпесе болгону".
- "Автор кыйла жашап коюпсуң, өзүң деле бир жыйынтык чыгара турган жашта экенсиң го. Адам ар кандай болот, шамалга карап теректин учу кыймылдагандай, адам дагы ошондой өзгөрүп турат".
- "Отурган кыз ордун табат" деп коюшат, бирок бардык нерсенин өзүнүн убагында болгону жакшы экен. Айтайын дегеним, эң жакшысы өзүңдүн көзүң жеткен адамга баш байлаганың жакшы. Анткени азыр үйлөнүп алыш оңой, жашап кетүү кыйын. Ал адам менен өзүңдүн келечегиңди көрө албасаң азыр өз жолуң менен кеткениң жакшы. Сен аны өзгөртө албайсың, ал ошол бойдон калат, эркектин мындай сапаты эң жаман".
- "Менин да жолдошум жоош, турмушка чыгарда мен дагы сиздей ойлонгом, бирок азыр өзгөргөн, сонун эле жашап жатабыз. Диплому жок болгону менен бардык ишти майын чыгара жасайт, ичип келип үйдө ызы-чуу чыгарган эркектен көрө ошонусу деле жакшы го".
- "Мен мындай кептерди угуп калдым эле, "баланча эч кимге сөзү өтпөгөн, баркы жок, эч ким тоготпогон байкуш эле, аялы кыйын экен, азыр киши тааныбайт, балдары да атасын сыйлап, коркуп турушат. Кыйын катын экен", - деген".
- "Дайындуу иши же билими жок экен, анан өзүн сыйлабаган өтө эле бош болсо, тийбей эле койгон оң. Эркек деген эркектей болсо, былжырабай".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.