14-июнда Жогорку Кеӊеш Улуттук банктын 2017-жылдагы иши жөнүндө отчётун "канааттандырарлык" деп тапты.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун берген маалыматына караганда, 2017-жылы банк тармагында абал туруктуу болуп, өлкөнүн башкы банкынын алдына койгон бардык иш-милдеттери аткарылды. "Кыргыз мамлекетинде 25 коммерциялык банк бар, алардын насыя каражаттары боюнча пайыздык коюмдары улам төмөндөп барат. Мисалы, 2016-жылы насыялардын үстөгүнүн орточо көрсөткүчү 17,5 пайыз болсо, кийинки жылы 15,5 пайызга чейин төмөндөгөн", - дейт ал.