18 жаштагы кызды Бишкек шаарынан Жумгалга ала качып кеткен окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Бул факты боюнча 24 жаштагы А.Н. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына ылайык "Зордуктоо" беренеси менен кошумча кылмыш ишин козгоо маселеси да каралды. Учурда териштирүү иштери улантылууда", - деди басма сөз катчы.
Айта кетсек, 10-июнда Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып барып, андан соң зордуктап салганын эжеси Айзат айткан болчу.