Өлкөнүн бардык аймагында айт намазы учурунда элдин коопсуздугун 9 миңге жакын милиция кызматкери көзөмөлдөдү. Ал эми Бишкекте Орозо айт намазынын окулганына байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарындагы эски аянтта намаз окууга келген тургундарды 2 миңге жакын милиция кызматкерлери көзөмөлдөдү. Алар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, намаз окууга келген жарандардын ар бири тыкыр көзөмөлгө алынды. Ал эми өлкө боюнча жалпы коопсуздукту 9 миңге жакын милиция кызматкери көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн Бишкекте айт намазы эски аянтта окулду.