Экс-президент Алмазбек Атамбаев Айт намазын Арашан айылындагы мечитте окуду. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Атамбаев Айт намазын Аламүдүн районунун Арашан айылындагы мечитте окуган. Андан кийин экс-президент айыл тургундары менен маектешкен.
Намаздан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комлексиндеги 2010-жылдагы Апрель окуясында каза болгондорго куран окуу, эскерүү иш-чарасына катышты.