ЖЫЛНААМА, 15-ИЮНЬ: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков 52 жашка чыкты

Мындан 52 жыл мурун 1966-жылы 15-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген.

1990-жылы Воронеж политехникалык институтунун автоматташтыруу жана машина курууну роботтоштуруу факультетин, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча артыкчылык менен, Кыргыз Республикасынынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юрист" адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-1986-жылдары Советтик Армиянын Грузиянын Кутаиси шаарындагы аба-десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.
Эмгек жолу:
1986-жылы Ош облусунун Алай районундагы "Правда" совхозунда жумушчулуктан баштаган.
1990-жылы - Кыргыз ССР Илимдер академиясынын "Импульс" илимий-изилдөө борборунда инженер, андан соң улук инженер;
1992-1993-жылдары – Илимдер академиясынын Машина таануу институтунун директорунун орун басары;
1993-2002-жылдары – Каржы министрлигинде башкы адис, бөлүмдүн башчысы, башкармалыктын башчысы;
2001-2002-жылдар аралыгында – Каржы министринин орун басары;
2002-2005-жылдары - Социалдык фонддун төрагасы;
2005-жылдын март айында Жогорку Кеңештин III чакырылыштагы депутаты;
2007-2008-жылдары - жеке ишкер;
2008-2009-жылдары - Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
2009-2010-жылдары - Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
2010-жылдын 17-декабрынан 2011-жылдын 11-декабрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы;
2010-2015-жылдары - Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2013-жылы Ахматбек Келдибековго "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2016-жылы Жогорку Соттун чечимине ылайык, ал "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которууга милдеттендирилген.
15-июнга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан