Уругвай-Египет беттеши: Туулган күнүндө запаста кармалган Мохаммед Салах, стадиондо бош калган орундар...

Бүгүн, 15-июнда Орусиянын Екатеринбург шаарында футбол боюнча Египет-Уругвай курама командалары беттешти. Оюн шаардагы "Екатеринбург-Арена" стадионунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө башталып, Уругвай курамасы атаандашын 1:0 эсебинде жеңди.

Таймаш башталганга чейин эки команданын күйөрмандары бири-бири менен жылуу учурашып, өздөрүнүн командаларын сүрөп кыйкырып жатышты. Облус бийлиги футбол көрүчүүлөр абдан көп экенин, 30 миңдей билет сатылып кеткенин жергиликтүү маалымат булактарына билдирген. Бирок кийинчерээк орусиялык басылмалардын бири, тескерисинче, стадиондогу алдыңкы орундуктар бош калганын жазды.

Анда белгиленгендей, негизинен билеттер бир аз арзаныраак боло турган бөлүктөрдө орундуктар көрүүчүлөргө толуп турган. Андыктан буга чейин билеттин баары сатылып кетсе, эмне үчүн орундуктар бош калды деген суроо көбүндө жаралды. "Екатеринбург-Арена" стадиону 35 миң кишиге ылайыкталган.

Египет курама командасынын чабуулчусу Мохаммед Салах бүгүн, 15-июнда 26 жашка толду. Бул жолку кез келүү футболчунун туулган күнүнө туш келген. Чемпиондор Лигасында Салах ийининен жаракат алып, күйөрмандары анын бат сакайып кетүүсүнө тилектеш болуп жатышкан. Дүйнө чемпиондугуна келгени менен Салах команданын запасында кармалып турду. Египет курамасы оюнчуну 3 жолу алмаштырганы менен Салах оюн талаасына чыккан жок.

Салахтан мыкты оюнду күткөн футбол сүйүүчүлөр бул мелдешке "тойбой" калгандарын билдиришүүдө.

Египет менен Уругвайдын футбол боюнча курама командаларынын күйөрмандары кантип жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kanybek121195
2018-06-15 20:22:42
Мен ушул стадиондо мусор тазалаган елем халтурага барып. Бүгүн билет сурасам ең арзан билет 40 мин екен.
+6
Rasul94
2018-06-15 20:50:01
Kanybek121195,кой эй жалган айтпачы биз кордук го.эн арзан 6500
0
nemo2016
2018-06-15 21:26:14
Kanybek121195,10мин бер мен сага алып берем
+1
Rasul94
2018-06-15 21:32:38
nemo2016,туптуура айттын++++
+1
Dembele84
2018-06-15 21:32:16
40000 деп кичине окшошпой калды!
+4
zahid
2018-06-15 21:46:42
Салахты кутком даа
+5
Kanybek121195
2018-06-15 23:12:33
Ее айланайындар мен звонок сурасам ошондой дешти яндекстен карап көрүп звонок кылдым эле. Айт күнү алдабайм го мен деле
+2
jergetal
2018-06-16 11:43:06
Kanybek121195,оа оа менда ошондой кордум билеттин баасын
0
macho90
2018-06-15 23:28:49
А так менда сырттагы стойкаларына шпаклевка тарткам акчасын алган эмесмин мени айтып кире бергиле каалоочулар.
+5
stepboy
2018-06-16 07:58:48
macho90,ха ха базар жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан