Бүгүн, 16-июнда Кыргыз мамлекетине мыйзамсыз ок-дары алып өтүүгө аракет кылган Казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, окуя бүгүн эртең менен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинде болду. Анда 43 жаштагы Д.А. аттуу Казак жаранынын унаасынын ичинен 12-калибрдеги тогуз патрон табылды. Ок-дарынын уруксат документи болгон эмес. Кармалган адам милициянын жергиликтүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.