Премьер-министр эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн, 16-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Борбор Азиядагы "Toyota Tsusho Corporation" инвестициялык соода үйүнүн өкүлчүлүгүнүн башчысы Манабу Такаки, "NEC Corporation" өкүлчүлүгүнүн коммерциялык директору Виктор Шегай жана башкалар катышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, республика чет мамлекеттерден заманбап IT-технологияларды тартууга кызыкдар. "Коопсуз шаар" долбоору биз үчүн маанилүү болуп саналат. Муну эске алуу менен, биз бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар эл аралык компаниялардын колдоосуна ишенебиз. Аталган долбоор биздин өлкө үчүн зарыл", - деди ал.

Манабу Такаки "NEC Corporation" компаниясы менен биргеликте Мьянма Республикасында, Непалда, Бангладеште жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө IT- технологияларды ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары "Toyota Tsusho Corporation" жана "NEC Corporation" компаниясынын өкүлдөрү "Коопсуз шаар" жана "Digital CASA" долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даярдыгын маалымдашты.

Ошондой эле Манабу Такаки компания иш алып барып жаткан долбоорлорду айыл чарба, медицина, билим берүү жана химиялык өнөр жай жаатындагы долбоорлордун бет ачарын тартуулады.

Мухаммедкалый Абылгазиев "Toyota Tsusho Corporation" өкүлдөрүнө агро өнөр жай жана туристтик инфраструктураны жакшыртуу тармагындагы долбоорлорго катышуу мүмкүндүгүн кароону сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан