Бишкек шаарындагы Чүй менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши кечинде жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол 16-23-июнда саат 22.00дөн 6.00гө чейин жабылат. Себеби жолдун асфальты менен бордюрлар алмаштырылат.