"Москвада жол кырсыгына шектелип кармалган Кыргыз жаранына укуктук кеңеш жардамдары көрсөтүлөт", - деп бүгүн, 17-июнда Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Ошондой эле бул ишти аталган министрлик көзөмөлгө ала турганын билдиришти.
"Жол кырсыгы болгону факт, ал жоопкерчиликти тартууга туура келет. Бирок жараныбызга тагылган күнөөнүн бейтарап болушуна Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги жана элчилик болгон аракеттерин көрүшөт. Москвадагы Кыргыз мамлекетинин элчилигинин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, кармалган жаран менен жолугушууга аракеттерди көрүп жатышат", - деп жазылат билдирүүдө.