Биз социалдык тармакта

"Улуттук энергохолдинг": "Түтүктөрдү текшерүү үчүн жүргүзүлгөн иштер ысык суу берүү мөөнөтүнө таасир этпейт. 22-июнда ысык суу берилет"

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат, эч кандай авариялык кырдаал жок. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

"Жыл сайын ысык суу өчүрүлгөндө пландык негизде текшерүү иштери жүргүзүлөт. Текшерүү иши ысык суу берүү мөөнөтүнө таасир этпейт. График менен 22-июнда ысык суу берилип баштайт", - дейт Айдаралиева.

Эске салсак, кечээ, 16-июнда Бишкек ЖЭБинин аймагында түтүк жарылды деп социалдык тармактарда видео жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
korea
2018-06-17 15:47:02
Өткөндө Мөөнөтүнөн мурда беребиз ыссык сууну деп атышпады беле...Эми даже кеч беришет экенда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан