Биз социалдык тармакта

Москвада жол кырсыгына шектелген Кыргыз жараны тууралуу маалыматтар белгилүү болду. Анын аялы Орусияда, эки кызы Бишкекте чоң энесинин колунда

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков Москва шаарында автоунаасы менен топтошкон адамдарды сүзүп кеткен Ч.А. аттуу Кыргыз жараны тууралуу маалымат таратты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Ч.А. 1990-жылы 22-апрелде Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган. "Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Кашка участкасында ата-энеси менен бирге жашаган. Ал аталган айыл аймактын Семет айылындагы орто мектептин 6-классын аяктап, 2003-жылы Бишкек шаарына үй-бүлөсү менен көчүп кеткен. Айдоочулук күбөлүктү Кочкор-Ата шаарынан алган. Жакын туугандарынын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарында жашайт. Аялы дагы Орусияда, 2 кызы чоң ата, чоң энесинин колунда калган. Алар Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда жашайт. Буга чейин Ч.А. кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Кошумча тактоо иштери жүрүүдө", - деп билдирди Мыктыбек Турдубеков.

Эске салсак, кечээ, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaziko80
2018-06-17 17:06:18
Эх Москва Москва,Москва. Канча кыргыз жарааны кыйналып,азап чегип журушот бул Москвада. Кыргызстан чондору оздорун ойлоп оздорун багып отурушат. Байкуш бала багам деп келген да. Аллах айтылбай келген кырсыктан сактасын. Курулай дооматтан сактасын. Бей ажал олумдон сактасын. Акчанын артынан тушуп эмне болбой жатабыз. Аллах озу сактап. Ушул балага женилдиктер болсун. Уйку жаман да. Аялы россияда болсо уктап ал деп койбоптур да. Аз акчанын да берекесин берсин. 20саат уктабай тапкан акчасы каяка кет
+20
Jaziko80
2018-06-17 17:08:03
Каяка кетти эми тооба кылдым. Эчкимдин башына салбасын.
+7
Jango
2018-06-17 17:34:25
Супер эмне анчалык ал баланы изилдеп жатасынар уй булосуно чейин бул нерселерди сыр бойдон эле койсонор туура болот и так бул баланын башына кыйын иш тушкондо андан коро тышкы иштер министринин эшигин каккылап коргуло жардам берсин бкл жигит атайлап кылган жок деп жазып жатышат
+19
Jasa
2018-06-17 18:20:35
Байкуш бала эмне болуп кетти,секунд ичинде озу да тушунбой калды…
Окендерге табылбай эле калды…
Кудайым сабыр берсин бул кундор да отот……
+8
AzKumFerDan
2018-06-17 18:50:56
Айтайын кылган эмес бул жигит.эми орустар террористке чыгарат.Алахым ушул досубузга пендене ырайым корсотчу,орустарга инсап берип жазасын женилдетсинчи чырактай эки кызы жубайы бар ошолорго боорун орусунчу .туугандар келгиле чоогу бата тилейли.Омиййн.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан