Биз социалдык тармакта

Москвада Кыргыз жараны катышкан жол кырсыгы: Ооруканада дарыланып жаткан үч адамдын ден соолугу канааттандырарлык

Орусиянын Москва шаарында болгон жол кырсыгынан жаракат алган 3 жарандын абалы канааттандырарлык. Жакында бейтаптар ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 16-июнда 8 адам бейтапканага түшүп, текшерүүлөрдөн өтүп, биринчи жардамды алгандан кийин 5 адам ооруканадан кеткен.

"Үч адам учурда ооруканада жатат. Жакынкы убакта алар ооруканадан чыгарылат. Учурда дарыланып жаткандардын арасында чет элдик жарандар жок", - деп саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Алексей Хрипун билдирген.

Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси кызматкери унаанын рулун башкара албай жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жаракат алган. Ал эми айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап бара жатып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан.

Москвадагы Кыргыз жараны сүзүп кеткен адамдардын ден соолугу жакшы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
interpol
2018-06-18 09:21:07
Бактыга жараша адам өмүрү кыйылбады. Булда болсо кырсык, кудайым алыста эмгектенип жаткан мекендештерди өзүң колдо, аларда жыргаганынан кетип аткан жок, биздин чооң курсак атка минерлер миллиондоп жеп элди ойлогон эч ким жок ошолордун кесепети.
+13
ruslanz
2018-06-18 09:54:33
Аларга деле кыйын болду,футбол кором деп келип,ооруканага жатып калышты,тезирээк сакайып кетишсин.Таксистке дагы кыйын болду,атайылап сузгон жок,ыйлап айтып берип жатпайбы,болгону качпай эле койсо болмок.
+4
aiturgasha
2018-06-18 10:58:38
ruslanz, бала шок болуп калды. Андайда эмне кылып атканыны да билбейсин.
+6
almir
2018-06-18 10:42:25
Кырсык дечи бирок рульду буруп анан сузуп жатат
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан