Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин насыя алуу боюнча келишимдин долбоору депутаттар тарабынан сынга кабылды. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 18-июнундагы жыйынында депутаттар насыя алуу боюнча негиздеме кат бир топ каталар менен жазылганын айтышты.
Депутат Төрөбай Зулпукаров келишимдин аталышындагы "туруктуулукту жогорулатуу" деген бөлүгү "уруктуулукту жогорулатуу" деп жазылып калганын баса белгиледи. Эл өкүлү "табигый кырсыктардын уруктуулугун жогорулатып, көбөйтөйүн деп жатасыңарбы?" деп сынга алды.
"Насыя алуу боюнча келишимдин негиздемесинде "кызыкдар министрлик" деп жазыптырсыздар. Эмнеге кызыкдарсыздар? Насыяга кызыкдарсыздарбы? Мындай аталыш эч жерде жок. Бизде "тармактык министрлик" деген түшүнүк бар", - деди Зулпукаров.
Мындан тышкары ал буга чейин аванс катары алынган 3 миллион 600 миң доллар кайсы жакка кеткенине кызыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысынын айтымында, аталган каражаттар ӨКМга, Билим берүү жана илим министрлигине жана 2 тийиштүү мекемеге берилген. Ага керектүү жабдыктар жана куткаруучулар үчүн шаймандар сатып алынган.
Депутат Улан Примов да грамматикалык, техникалык каталар көп кеткенин эскертти.
Статс-катчы келишимдин негиздеме катындагы кетирилген катачылыктар жоюларын, мындан ары катуу көңүл буруу менен жазыларын билдирди.
Маалыматка караганда, алынып жаткан каражаттардын басымдуу бөлүгү авариялык абалдагы мектептерди жакшыртууга сарпталат. Учурда өлкөдө 192 мектеп кооптуу абалда.
Учурда аталган тармактык комитетте өкмөт менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Кыргыз өлкөсүндөгү табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу долбоору каралууда.