Биз социалдык тармакта

Депутат: "Карыз алып жаткан ар бир министр саясий жоопкерчиликти өзүнө алсын"

"Ар бир каржылык келишимди талкууланганда тийиштүү министрлер өздөрү келсин". Аталган талапты 18-июнда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине насыя алуу боюнча келишим талкууланып жатканда депутат Руслан Казакбаев айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, карыз алып жаткан ар бир министр жоопкерчиликти өзүнө алышы керек.

"Насыяга тийиштүү келишимдер жаман окуялар менен бүтүп жатат. Азыр бир нече чоң кызматтагы адамдар, депутаттар камакта отурат. Акча маселесин аяр карасак. Буга чейин ошол эле ЖЭБ, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, "Датка-Кемин" боюнча насыялык келишимдерди карадык. Бүгүн болсо чоң насыя алуу боюнча келишим боюнча статс-катчы маалымат жасап жатат. Бирок саясий жоопкерчиликти ким алат? Бизге баяндаманы сөзсүз министрлер жасашы керек. Жоопкерчиликти да министрлер алышы керек да. Ушинтип жүрө берсек статс-катчыны угабыз, кийин Ташматты угабыз, Эшматты угабыз. Ошентип кете беребиз", - деп нааразычылыгын билдирди Казакбаев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысынын айтымында, аталган келишим экс-министр Кубатбек Бороновдун учурунда башталган. Ал эми учурдагы министр Нурболот Мирзахмедов учурда өлкөнүн түштүк аймагында иш сапар менен жүрөт.

Жыйынтыгында, аталган келишимдин негиздеме-маалым катында катачылыктар табылды. Суроо-жооп учурунда көп маалыматтар ачыкталбагандыгы үчүн аталган келишимди кийинки отурумда министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин катышуусу менен кайрадан кароо чечими кабыл алынды. Бирок концепциясы жактырылды.

Аталган келишимдин негизинде, өкмөт менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын келишиминин алкагында табигый кырсыктарга каршы туруу багытын өнүктүрүү максатында 20 миллион доллар насыя алынмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tokmokchu-1
2018-06-18 12:52:07
Жоопкерчиликти баары алууга тийиш. Ошол министрлик жетекчилиги, ал карыз алууну колдогон, ратификациялаган Жогорку Кенеш депутаттары, анан ишке ашырган мекемелер, акыры келип ошол акчанын максаттуу пайдаланылганын козомолдоочу мекемелер... Ушулардын баарынын жоопкерчилиги болууга тийиш...

+1
Tokmokchu-1
2018-06-18 12:54:50
ЖЭБге карыз алуу боюнча келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы пунттар турса да коз жумуп колдоп ратификациялап берген депутаттар, бугун оозун ачып отурат, ушундай жери бар беле деп...

Ошол 386 миллион долларлык насыянын сметасы да болгон эмес, 386 миллионго ЖЭБдин болгону 30% жаныланып отурат. Башка олколор болсо бул акчага 2 жаны ТЭЦ курат...

Эмнеге ошол 5-чакырылыштагы депутаттардын жоопкерчилиги каралбайт ыя?!!
+1
Tokmokchu-1
2018-06-18 12:57:53
Ошол убакта Сокенин иниси Асылбек Жээнбеков спикер болуп турган, бул долбоордун ратификацияланышына оз салымын кошкон да, ошого Соке депутаттарга тийише албай отурабы?!!

ЖЭБдеги коррупция боюнча ошол келишимди колдогон бардык депутаттар менен Атамбаев жоопкерчилик алып, ошолордун баары кылмыш жообуна тартылышы керек болуучу...
+3
Bazake
2018-06-18 13:02:50
Tokmokchu-1,Жогорку Кеңеш өкмөттүн демилгесин колдогон. Акчаны болсо Атамбаев менен Сапар билдирбей уурдаган. Анан кантип депутаттар жооп берсин. ХХХХХХХ
-1
Tokmokchu-1
2018-06-18 13:17:03
Bazake,
Карыз алууну сметасы жок колдоп бергени учун Жогорку Кенеш депутаттары куноолуу!!! Долбоордун сметасы болбосо, 386 миллион керек болгонун кантип эсептеп чыгышты?!! Окмот ошончо керек десе эле "ии керек болсо колдоп берели" деген просто кнопка баскычтарбы депутаттар?!!
+2
admin_superstan
2018-06-18 15:07:40
Tokmokchu-1, Bazake,
Жеке адамдык аброюна шек келтирип, кемсинткен билдирүүлөр түзөтүлдү! Эскертүү!
-1
Tokmokchu-1
2018-06-18 13:20:35
Bazake, Келишимде ошол 386 миллион долларга ЖЭБдин 30% гана жаныланат деген жери бар бекен?!! Кана таап корсотчу?!! Эгер жок болсо, анда эмнеге 30% гана жаныланган ЖЭБти кабыл алып отурушат тийиштуу мекемелер?!! Эмнеге ТВЕАдан ЖЭБдин калган 70%ти эмнеге жаныланган жок, давай тез тез иштеп иштин аягына чыгар деп айта алышпай отурушат?!!

Анан бул спорлор Кытайдын мыйзамдарына ылайык чечилет дегенге 120 ...... кайсы арына макул болуп отурат?!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан