Биз социалдык тармакта

"Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүздү" деп кармалган Кыргыз жараны экстремисттик уюмга мүчө же мүчө эместиги текшерилди

"Орусиянын Москва шаарында автоунаасы менен топтошкон адамдарды сүздү" деп кармалган Ч.А эч кандай экстремисттик уюмдун мүчөсү болгон эмес. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү окуя болор замат таксисттин жакындары менен байланыш түзүп, иликтөө иштерине көмөктөшкөн.

Окуя болгон күнү эле Орусиядагы ИИМдин өкүлчүлүгүнө “Кыргыз жараны топтошкон адамдарды коюп кетип кармалды” деген маалымат келип түшкөн. Кармалган жарандын террористтик уюмдар менен байланышта болгонун же болбогонун аныктоо тууралуу текшерүү жүрүп, жыйынтыгында ал эч кандай террористтик уюмдарга катыштыгы жок экени аныкталган. Ошондой эле кармалган жарандын жашаган жеринен жана анын бардык дос-тууганынан экстремисттик материалдар табылган эмес. Учурда таксисттин жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетишине анын уктап кеткени себеп болгону айтылууда”, - деди ИИМдин басма сөз кызматкери.

Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси кызматкери унаанын рулун башкара албай жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жаракат алган. Ал эми айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап бара жатып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан.

Москвадагы Кыргыз жараны сүзүп кеткен адамдардын ден соолугу жакшы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazi25
2018-06-18 12:42:31
Причём здесь экстремизм?Бөйрөк шыйрак чыгармакчы болушканбы?СНГдан баргандар эле террорист беле?Жаныңды кашайтышат ушу.
+5
Ermekbai
2018-06-18 13:42:39
nazi25, границадан киргенде 3 саат кармап экстремизим тероризм эмесби деп текшерип жатышат орустар.

+3
Rifle_I
2018-06-18 14:45:09
nazi25,видеону көрсөң ошондой ой келет. Анан баланын ким экенин билгенде бул вариантты алфп салышат. Стандарттык текшерүү .
+3
Rifle_I
2018-06-18 14:47:13
Кыргыз желегин желбиретип учурунда мекеним деген жигитти таштап койбой, колубуздан келген жардамды бериш керек .
Уктабай иштегени себеп болууда .
+5
admin_superstan
2018-06-18 15:15:35
Jango,
1. Этика нормаларын сактаңыз!
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!
-1
aza.kg007
2018-06-18 15:23:26
Кырсык каш кабактын астында деген ушуда сабыр берсин.Эми башка Кыргызстандык таксистерге кыйын боло турган болду биро учун баары жооп берет эле Россияда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан