Стамбулдун аэропортунун аймагынан дайынсыз болуп жаткан Кыргыз кызы табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дайынсыз болуп жаткан Н.К. аттуу жараныбыз 15-июнда Анкара шаарындагы ооруканалардын биринен табылганын Түркиядагы элчилик тастыктады. Мындан тышкары, банктан акчасы алынган деген маалыматты кыздын атасы өзү алгандыгын айтып берди. Кыргыз кызы 15-июнь күнү Элчиликтин кызматкерлери жана бир тууганынын коштоосунда Анкаранын аэропортуна жеткирилип, ошол эле күнү Бишкек шаарына аман-эсен учуп келген.
"Жараныбыз эмне себептен белгисиз болуп кеткени тууралуу маалыматты коомчулукка айтуудан баш тартты. Мындан улам башка маалымат менен кошумчалай албай тургандыгыбызды билдирем", - деди маалымат катчы Айымкан Кулукеева.
Эске салсак, Нургиза Кулмамбетова Торонто-Стамбул-Бишкек рейси менен учуп келе жатып Стамбулдун аэропортунун аймагынан дайынсыз болуп, издөөгө алынган.