Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лев Васильев: "ЖЭБде суу түтүгүнүн жарылышынан кийин эч кандай терс жыйынтык күтүлбөйт"

16-июнда Бишкек ЖЭБинин аймагында түтүк жарылган. Анда "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы жыл сайын ысык суу өчүрүлгөндө пландык негизде текшерүү иштери жүргүзүлө турганын түшүндүргөн. Түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугу текшерилгенин айтып, мекемеден ЖЭБде эч кандай авария болбогонун кабарлашкан. SUPER.KG порталынын чын эле атайын текшерүү иштери болгонбу деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ЖЭБдин мурдагы башчысы Лев Васильев жооп берди.

Анын айтымында, ЖЭБде оңдоо иштери аяктаганда бардык жылуулук өткөрчү суу түтүктөрү жогорку басым алдында гидравликалык сыноодон өткөрүлөт. "Бул иш атайын жасалат, анткени эгер кайсы бир жерде мандем болсо, кышында эмес, азыр жайкы мезгилде оңдоп бүтүрүү үчүн. Ошондуктан "Улуттук энергетикалык холдинг" туура эле түшүндүрүп жатат", - деди Васильев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов, эксперт Расул Умбеталиев жана жарандык активист Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан