Жарандык активист Жеңиш Молдокматов ЖЭБдеги түтүктүн жарылышы тууралуу: "Тийиштүү органдар тыгыз көзөмөлгө алып текшериши керек"

16-июнда Бишкек ЖЭБинин аймагында түтүк жарылган. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы ЖЭБде эч кандай авария болбогонун айтып, түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугун текшерүү болду деп түшүндүргөн. SUPER.KG порталынын чын эле атайын текшерүү иштери болгонбу деген соболуна жарандык активист Жеңиш Молдокматов жооп берди.

"16-июнда ЖЭБде болгон окуя боюнча жеке өзүмдүн суроолорум бар. Текшерүү иштери жыл сайын болот. Жылда ошондой фонтан атылганын көрсөк ынанмакпыз. Менин оюмча, ал жерде авария болгон болушу керек.

Мурда кышында ЖЭБдеги окуядан улам эл көтөрүлбөсүн деп жатса керек деп шектенем. ЖЭБдин дубалдарынын жанынан суу атылып жатат. Жолго жакын, бери жагында электр чубалгылары турат. Мындай болбош керек эле. Ишенүү кыйын. Себеби биз "ЖЭБде реконструкциялоо болду" дегенде ишенгенбиз. Бул боюнча тийиштүү органдар тыгыз көзөмөлгө алып текшериши керек", - дейт Молдокматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Аалы Карашев, Сайдулла Нышанов, Аида Касымалиева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ЖЭБдин мурдагы башчысы Лев Васильев, эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан