Биз социалдык тармакта

Москвада топтошкон элди сүзүп алган айдоочунун окуясына кыргыз эли кайдыгер караган жок

Москвада топтошкон элди сүзүп алган айдоочунун окуясына кыргыз эли кайдыгер караган жок.

Учурда социалдык тармактардын колдонуучулары кырсыкка кабылган айдоочуну колдоо максатында "Биз сени менен" аталышындагы сөздөрдү жазып, мекендешибиздин бул окуяда акталып жана мекенине аман-эсен кайтуусуна тилектештигин билдирүүдө. Интернет колдонуучулар бул кокустан келген кырсык экенин айтып, айдоочунун күнөөсү жок экенин жазышса, кээ бир колдонуучулар бул окуяга өлкөдө жумуштун жоктугун айтып, бийлик өкүлдөрүн күнөөлөшүүдө. Ал эми жардам берем деген жарандар көп болуп жаткандыктан атайын эсеп ачуу демилгеси көтөрүлгөн.

Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап баратып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан. Жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Москвадагы Кыргыз жараны сүзүп кеткен адамдардын ден соолугу жакшы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nanei
2018-06-18 21:33:27
Эн биринчи бийлик куноолу. Коррупцияга тыгылмак Тургай комулуп калдык. Айдоочунун куболугу ысык приожкидей эле сатылып калды, бул жагдайды чондор эмес бут эл билет. Автошкола лар чон бизнесе айланган. Бул бала Бишкек те жашаганы менен куболукту кочкор атадан алган,демек сатып алган даана эле
+9
urmat94
2018-06-18 21:51:36
Nanei,бул жерде сатып алган же окуп алган жонундо соз болгон жок окуп алып 30-40 жыл тажрыйбасы бар айдоочулар деле кырсыка кабылып калтатго бул кырсык ар кимибиздин башыбызга тушуп калышы мумкун менин оюмча сен машина айдабайт окшойсун ар кандай учурлар болуп калат машина айдаганында тушунорсун
+6
Nanei
2018-06-18 21:54:42
urmat94,туура,кудай сактасын жолдо жургондорду,чондор миллион доп жешпесе балким бул балага окшогон жигиттер уйундо
Ле журсо керек,ата энесинин,бала бакырасынын жанында
+7
Nurgul_35
2018-06-18 21:36:25
Аман эсен, туулган жерине келип алсын. Кудай сактасын мындай кокустуктардан. Жеңил кутулуп алсын.
+16
urmat94
2018-06-18 21:43:37
Туура эсеп ачып койсун колдон келишинче жардам беребиз коп тукурсо кол болот дегендей кичине болсо да жардам болот эле барыбыз эле жолдо журобуз машина айдап эч ким атайлап сузбосо керек. Табалап жазгандарга айтаарым тообо дегиле ар кимибиздин башыбызга тушуп калышыбыз мумкун баарыбыз эле акча деп журобуз бул мекендешибиз дагы акчага кызыгып азгырылып кетиптир эми акталып чыгышын Кудайдан тилейбиз
+8
vikidiki
2018-06-18 22:17:54
urmat94,Кечиресиз плюс басайын дегем, минус басылып кетти.
+2
Siren.ms
2018-06-18 22:26:15
urmat94,эмне акча чогулткудай бул балабан акча талап кылып жатыптырбы мен тушунбодум эмнеге лет ачып акча чогултуп жатышканына
-3
Snejana
2018-06-18 22:42:17
Siren.ms,жаракат алгандарга компенсация талап кылып атышкан окшойт. Мындай кырсык эч кимдин башына тушпосун.
+2
urmat94
2018-06-18 22:42:18
Siren.ms,бул бала талап кылган жок тушунуп окусан жардам берем дегендер эсеп ачабыз деп атыптыр баары бир акча керек жабыр тарткандардын дары дармегин лечениясын толойт да ошого деп атат
+2
Nuraruu5
2018-06-18 21:48:45
Бийлик айдап бараткандай сүйлөйбүз го баарыбыз эле. Бөөдө кырсыктан Аллах озу сактасын, бирок сактанганды сактайм дегенди унутпайбыз. Бироонү күнөөлүү дештен мурун Ар кимибиз мойнубузга өз жоопкерчиликти алалы. Кырсык болгону чын, бирок москвада рульда отурганына жаңы эле бир ай болсо, күнүмдүк акчага кызыккан, мен толугу мн же бул же тигил күнөөлүү дегенден алысмын жөн гана жоопкерчиликти моюнга алууну үйронолу,
кыргызым эсен соо мекенибизге жетсек экен!!!
+7
Snejana
2018-06-18 22:40:42
Ушундай кырсыктан ар бир Кыргызымды Аллахым сактасын. Кыргызым кырсыктан сырткары болчу. Кайда журсон да аман болчу. Кыргызымды жакшы кором.
0
dinar-87
2018-06-18 22:44:21
Сотту болуп 2айга сизого алынды деп атышат ошол сынбы.
0
altyn7776
2018-06-18 22:55:28
Ооба кырсык! Бирок Алла Таалам да сактанганды сактайт да. 20 саат иштеп, озу эле эмес канча адамдын омуруно залал келтируу туура эмес. Дунуйо деп шашкалактап, мына бардык кыргыз таксистеринин муйузун зыркыратып жатат. Эртен кыргыз айдоо куболугун да башка улуттагыларга окшотуп алып салса тан калбайм.
+4
altyn7776
2018-06-19 01:59:38
Бут жерде видеосу тарап, аты жону жазылган айдоо куболугунун суроту чыккан баланын бетин корсотпой жымсалдап койгонунар окшошпой калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан