Биз социалдык тармакта

Абылгазиев: "Москвада Кыргыз жараны сүзүп кеткен жабырлануучуларды өлкөгө келип бекер эс алууга чакырам"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"16-июнда Москва шаарынын борборунда биздин мекендешибиз, Кыргыз Республикасынын жараны Чыңгыз Анарбек уулу унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен бир нече адам, анын ичинде футбол күйөрмандары жабыркаган. Бул абдан өкүнүчтүү, бирок атайын жасалган жок", – деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кашкар Жунушалиевге Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушуусу пландалган жакынкы күндөрдөгү Орусияга болчу иш сапарында жабыркагандарды барып көрүүнү тапшырды.

"Бул окуя Орусиянын аймагында иштеген биздин жарандарыбыз үчүн куугунтуктоолор жана кысым көрсөтүүлөр үчүн себеп болбошу керек. Бул кырсык. Ошол эле учурда Кыргыз өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз", – деп баса белгиледи Абылгазиев.

Аны менен бирге премьер-министр ички иштер министрине Чыңгыз Анарбек уулу менен жолугушуп, ага тиешелүү деңгээлде юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Tolkun555
2018-06-18 18:58:20
Бул жагы эркектин иши болуптур. Азаматсынар
+8
Samat_00000
2018-06-18 19:24:44
Соонун жанылык ушинтип, иш алып барышса албетте Эл колдойт
+9
Bobina
2018-06-18 19:31:51
Молодец премьер@--\
+7
Aidani
2018-06-18 19:51:57
Сизге Аллах ыраазы болсун Урматтууу премер министир
+8
alikgz
2018-06-18 21:43:11
Ракмат
+5
Kuba.abasko
2018-06-18 22:00:54
Абулгазиев азаматсын...
+5
RaHat19
2018-06-18 22:10:34
иштин козун билген ушундай жетекчилер келсе мамлекет онугот
+6
erkinali858585
2018-06-18 23:36:07
Иштен аябай чарчап келдим эле, ушул жанылыкты окуп чарчоом жазылып,Абулгазиевке ото ыраазы болуп калдым.
+6
Rasul94
2018-06-19 06:13:07
Айткам мен ушул киши иштейт деп мына.урматтуу министр ден соолукта болунуз. Жакшы иш жасадыныз
+3
Nevestkaa
2018-06-19 08:19:36
Rasul94,качан айттың эле?
-1
Rasul94
2018-06-19 09:22:08
Nevestkaa,жаны шайланганда комментарий калтыргам
+2
Nevestkaa
2018-06-19 08:21:37
Жакшы адам экенсиз Мухамедкалый ава,адамдык сапатыңыз жогору экен сизди тарбиялаган ата энеңизге ырахмат.Ичимен аябай кубандым,неси болсо да бир боорубуз кыргыз деген.
+7
Stels
2018-06-19 08:28:40
Охо бул жагы мыкты!
+5
kulgutai
2018-06-19 11:37:11
Аллах сизден раазы болсун!!!
+3
Alixan-Nookat.2015
2018-06-19 12:33:59
Жакшы жанылык өзүбүздүн жаранды колдогону Аллах ыраазы болсун!
+3
tursunbaev78
2018-06-19 15:22:17
Жакшы жаңылык
+1
talaa11
2018-06-19 23:19:40
Мына ушундай Окмот башчы бизге керек эн жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан